Тооккана жасап, алкоого татыган Алтынай Нарбаева: Буюртма алат окшойм (видео)
RU

Тооккана жасап, алкоого татыган Алтынай Нарбаева: Буюртма алат окшойм (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева устачылык кылып, көпчүлүктү суктандырды. Ал социалдык тармактагы баракчасына тооккана жасап жаткан видеосу менен бөлүшүп, өргүүдө жатканда убакытты туура пайдалангысы келгенин айтат.

Айтымында, устачылык кылгандан, дегеле чарба иштерин жасоодон рахат алат.

"30 жылдан ашуун убакыттан бери №67 мектеп-гимназияда музыкадан сабак берип келем. Каникул башталып, учурда эмгек өргүүсүндө жүрөм. Башкалар Дубайга, Түркияга барып, эс алышы мүмкүн. Мен чакыруулар болуп калып эле чет өлкөгө барбасам, Ысык-Көлгө да барбайм. Отпускнойду алып эле эки дачадагы чарба иштерин пландаштырып баштайм. Быйыл дагы дачадагы иштерге көңүл бурайын дедим. Тоокторду көбөйтөйүн деп цесар породасындагы канаттууларды сатып келгем. Анын жумурткалары майсыз, организмге пайдалуу экен. Үйдө курулуш иштеринен калган рейкалар бар болчу. Ошолорду чогултуп тоокторго уя жасадым.

Мен концерттеги, тойдогу видеолорум менен көп бөлүшкүм келбейт. Чарба иштери, пайда берчү нерселерди гана көрсөткүм келет. Бул жолу тооккана жасаган видеону чыгарып койсом мактап, колдогондор көп болуп жатат. Жылдыз болуп кеттим. Буюртмаларды кабыл алып, уя жасап баштайт окшойм (күлүп).

Үйдө деле шкаф, шифоньерлердин кармагычтары түшүп калганда "оңдоп бер, тагып бер" деп тилиң тешилет го. Андан көрө өзүң жасай берген жакшы да, туурабы? Мен да бир мүнөт тынч отурбаган жанмын, үйүм, короом жаркырап турганын каалайм", - дейт ырчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7374