Таласта мылтык менен ойнойм деген өспүрүм 11 жаштагы баланы атып алды
RU

Таласта мылтык менен ойнойм деген өспүрүм 11 жаштагы баланы атып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта 5-класстын окуучусу октон каза тапты. Облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына маалымдагандай, окуучуну 15 жаштагы өспүрүм атып алган.

Окуя 28-июлда саат 11:00 чамасында Манас районунун Нылды айылында орун алган.

Териштирүү учурунда окуяга тиешеси бар адамдар суралган. Анда 15 жаштагы бала ок атуучу куралды ойноо үчүн эч кимге айтпай үйүнөн алып чыгып, балдар менен жарышып баратып эшектин үстүнөн колундагы мылтык кокустан атылып кеткенин билдирген.

Азыркы учурда аталган курал кимге таандык экендигин тактоо үчүн милиция кызматкерлери тарабынан кошумча иштер жүргүзүлүп жатат. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 122-берененин 1-бөлүгү менен катталып, кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери улантылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7695