"Ок маңдайын тешип чыккан". Молдовановкада каза болгон 18 жаштагы жоокер жерге берилди
RU

"Ок маңдайын тешип чыккан". Молдовановкада каза болгон 18 жаштагы жоокер жерге берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү абагында 18 жаштагы жоокер октон каза болгон. Жазаларды аткаруу кызматынан жоокер өзүн-өзү атып алганын маалымдаган.

Бирок маркумдун жакындары, тагыраагы, бир тууган агасы Таалайбек Турдубеков иниси өзүн-өзү атып алуусу мүмкүн эместигин Kaktus.kg`ге айтып берди.

"Биз алты бир тууганбыз. Иним эркектердин кичүүсү болчу. Аскер кызматкери болом деген максаты бар эле. Өз каалоосу менен окууну бүткөндөн кийин армияга кеткен. Ушундай ниети бар адам кантип эле өзүн-өзү атып алышы мүмкүн? Анан дагы автомат менен өзүнө артынан ок ата алмак эмес. Ок башынын артынан кирип, маңдайын тешип чыккан. Оң көзү жаракат алып, тагыраагы, чыгып кеткен. 29-июлда эртең менен саат 06:00дө постко чыгыптыр, саат 07:30да турган экен. Андан кийин эле мекеменин кызматкерлери каза болгонун көрүшүптүр. Ок атылганын укпаптыр. Балким инимдин намысына тийгендир...", - дейт ал.

Таалайбек Турдубеков инисин бүгүн, 30-июлда Ысык-Көлдүн Челпек айылына жерге бергенин кошумчалады.

Бул окуя боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Белгилей кетсек, аталган түзөтүү мекемесинде бир нече күн мурда ырчы Гүлназ Чыныбек кызы концерт койгон. Ошондо каза болгон жоокер бийлеп жүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7692