Анжелика Дөө Чыңгыздын жана 18 жаштагы жоокердин өлүмү боюнча билдирүү жасады
RU

Анжелика Дөө Чыңгыздын жана 18 жаштагы жоокердин өлүмү боюнча билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Анжелика Кайратова социалдык тармактагы баракчасына каза болгон кримтөбөл Дөө Чыңгыз жана колонияда октон каза тапкан 18 жаштагы жоокер боюнча билдирүү калтырды. Ал каза болгондорго жаннаттан орун тилеп, буларга токтолгон.

"Канча бир жыл мурун мен чет өлкөдө жүргөндө бир журналист айым- "Анжеликанын үйүнөн издөөдө жүргөн адам табылыптыр" деп жалган билдирүү жазган. Ошондон бери ал адам камалса, бошотулса, каза болсо да дагы эле мени кыпчып комментарийге жазып, оозуна ээ боло албагандар - өз жашоосун тозокко айлантып, кереги жок жакка мурдун тыгып, капкара үңкүрдөгү адамдай ой-жүгүртүп, малдай ээрчиген кээ бирлер менен кошо ушак таратууда.

29-июль күнү дагы бир аскер балабыз өзүн атып алыптыр, 30-июль абактагы адам киши колдуу болуп каза болду. Мындан тышкары дагы көп өлүм, зордуктоо өлкөбүздө уланууда! Көйгөйлөрдү туура талкуулап, жыйынтык чыгарчудай иш алып баралы. Жөн сүйлөгөндүн дагы чеги болот", - деп жазат ал.

Белгилей кетсек, "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 15-июлда кылмыштуу топту уюштуруу, жеке ишкердик менен алектенген адамдардан акча талап кылуу фактылары боюнча кармалган. Бүгүн, 30-июлда камерадан анын жансыз денеси табылды. Шектүү кылмышты жеке кастыктан улам жасаганын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7711