Кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун бычактан алган жаракаттары саналды
RU

Кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун бычактан алган жаракаттары саналды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дөө Чыңгыз" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловго 18 жолу бычак сайылган. Бул туурасында Kaktus.media`га өздүк булактар билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бычактан алган жаракаттары саналган. Негизги соккулар моюнга жана дененин үстүнкү бөлүгүнө тийген.

Белгилей кетсек, "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 15-июлда кылмыштуу топту уюштуруу, жеке ишкердик менен алектенген адамдардан акча талап кылуу фактылары боюнча кармалган. Бүгүн, 30-июлда камерадан анын жансыз денеси табылды. Шектүү кылмышты жеке кастыктан улам жасаганын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7707