Чүйдө суу талашкан дыйкандардын мушташы 67 жаштагы кишинин өлүмү менен аяктады
RU

Чүйдө суу талашкан дыйкандардын мушташы 67 жаштагы кишинин өлүмү менен аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Сокулук районунда сугат суу талашкан дыйкандардын ортосунда чыр чыгып, аягы өлүм менен аяктады. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан Kaktus.kg`ге билдиришкендей, каза болгон жаран 67 жашта болгон.

Белгилүү болгондой, 1-июлда эки бир тууган (Т.Э. жана Т. Э.) менен жергиликтүү Ж.И. аттуу тургундун ортосунда уруш чыккан. Анын кесепетинен Ж.И. денесинен жаракаттарды алган. Ошол эле күнү кечинде жаракат алган жаран аны сабаган бир туугандардын бирөө менен сүйлөшүп жатып экөө кайра мушташа кеткен. Ошол учурда айылдын башка жашоочулары Т.Э. аттуу жаранды сабап салышкан. Андан кийин Т.Э. үйүнө чуркап киргенде бир тууганы бычак алып чыгып, караңгыда адамдарды көздөй шилтеген. Анын кесепетинен 1955-жылы туулган Т.Ж. аттуу адам жаракат алып, 3-июлда ооруканада эсине келбей каза болгон.

Бул факты боюнча шектүу кармалып, СИЗОго камакка алынган. Учурда тергөө амалдары улантылып жатканы маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7730