8 жыл мурда иш берүүчүгө бычак менен кол салган жаран кармалды
RU

8 жыл мурда иш берүүчүгө бычак менен кол салган жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 8 жыл мурда адамды бычактаганга шектүү жаран колго түшүрүлдү. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүү иш берүүчүгө кол салган.

Маалыматка караганда, 1971-жылы туулган Х.А. аттуу жаран 2014-жылы Кадамжай районунун Ормош айылында наабайканада нан жаап иштеп жүрүп, наабайкананын ээси 38 жаштагы А.У`га бычак сайган. Окуя болгондон кийин ал изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, шектүү 7-июлда Сүлүктү шаарынан кармалды.

Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7627