Бостериде өспүрүмдөр эс алуучуларды оюнчук тапанча менен коркутуп, каракташкан
RU

Бостериде өспүрүмдөр эс алуучуларды оюнчук тапанча менен коркутуп, каракташкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө төрт өспүрүм оюнчук тапанча менен эс алуучуларды коркутуп, каракчылык кылышкан. Алар кармалып, 1 айга камакка алынганын облустук милициядан Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Милиция кызматкерлерине 30-июлда Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Арыздануучу 29-июлда саат 23:00 чамасында 16 жаштагы иниси менен Бостеридеги "Университет" пансионатынын сейилдеп жүрүшкөнүн айткан. Бул учурда аларга 17-20 курактагы белгисиз балдар келишип, тапанча менен коркутушуп, акча каражаттарын, уюлдук телефондорун, күмүш шакектерин жана башка буюмдарын карактап кетишкенин белгилеген. Жабырлануучуларга келтирилген материалдык чыгым 43200 сомду түзгөн.

Бул факты боюнча 207-берене (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү жарандар кармалышты. Алар 17 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургундары М.О., Д.Т., Чүй облусунун тургуну Н.И. жана 16 жаштагы Нарын облусунун тургуну Т.Б. экени аныкталды. Алгачкы суракта алар күнөлөрүн толугу менен моюндарына алышты жана оюнчук тапанча далил зат катары алынды.

Райондук соттун чечими менен шектүүлөргө карата тергөө учурунда 1 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7767