Ысык-Көлдө агроаптекадан 260 миң сом уурдалды. Шектүү чек арадан кармалды
RU

Ысык-Көлдө агроаптекадан 260 миң сом уурдалды. Шектүү чек арадан кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө агроаптеканын мурдагы кызматкери сейфтен ири суммадагы акчаны уурдап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Kaktus.kg"ге облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милиция кызматкерлери кылмышкерлер агроаптеканын короосуна кошуна үйлөрдүн чатыры аркылуу түшүп, имараттын кире бериш эшигин талкалап, видеокөзөмөл камераларын өчүрүшкөнүн аныкташкан. Андан соң ачкычтарды алып, сейфти ачышып, 260 миң сом акча каражатын ээлеп алышкандан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен.

Тергөөнүн жүрүшүндө ыкчам кызматкерлердин көңүлүн Каракол шаарында убактылуу жашаган, мурда аталган кеңседе иштеп кеткен 37 жаштагы Б.А. аттуу жаран бурган. Коңшуларынын көрсөтмөсү боюнча, ал жакында эле ижарага алган батиринен көчүп кеткен, бирок кайда кеткенин билишкен эмес. Көчүп кеткен күнүн текшергенде агроаптекадагы уурулук болгон күнгө дал келген. Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан облустун жана республиканын коңшулаш ички иштер бөлүмдөрүнө багыттамалар жиберилип, ошондой эле Чек ара кызматына кабар берилип, кароол карточкасы коюлган. "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунан чек арачылар шектүү жаранды кармап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда окуянын чоо-жайын тактоо иштери улантылууда. Шаардык соттун чечими менен шектүү тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7764