Баткенде атасы алып кетти делинген 14 жаштагы өспүрүм дайынсыз болууда
RU

Баткенде атасы алып кетти делинген 14 жаштагы өспүрүм дайынсыз болууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 14 жаштагы Элдияр Кайымов дайынсыз болуп изделет. Ал 20-июлдан бери табылбай жатканын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашат.

Милицияга Кызыл-Кыя шаарынын 41 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 20-июль күнү мурдагы күйөөсү 14 жаштагы Элдияр Кайымов аттуу баласын түрдүү нерселер менен алдап, үйдөн алып чыгып кеткендигин билдирген.

Бул факты каттоого алынып, текшерүү иштеринин жүрүшүндө атасы алып кетпегендиги белгилүү болду.

Баланын белгилери: бою 165-170 сантиметр, кашы, көзү кара түстө, чачы кыска, кара тору, акыл-эси жайында. Үйдөн чыгып кеткен күнү кандай кийим кийип жүргөнү белгисиз.

Эгерде сүрөттөгү баланы көрүп, билгендер болсо кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: (03657) 102, 5-04-20, 0779 818 131.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7787