Ыктыярчылар президентке кайрылып, көлгө чөккөн 4 жашар кызды табышууга жардам сурашты
RU

Ыктыярчылар президентке кайрылып, көлгө чөккөн 4 жашар кызды табышууга жардам сурашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен төрт жашар Айша Мурдинованы издеп жаткан ыктыярчылар президент Садыр Жапаровго кайрылышты. Футболчу Айдана Оторбаева Instagram баракчасына видео кайрылуусун жарыялады.

Бүгүн Айшаны издөө иштери жүрүп жатканына 18 күн болду. Техникалык ресурстарды айтпаганда да адам ресурстары жетишсиз. Жергиликтүү тургундар менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин үзгултүксүз издөө иштери аздык кылат. Издөө иштери натыйжалуу болуу үчүн кошумча ресурстар керек. Биз ыктыярчыларбыз жана албетте Айшанын үй-бүлөсү, өкмөткө жана Садыр Жапаровго жардам берүү өтүнүчү менен кайрылабыз жана мүмкүн болгон бардык каражаттар менен камсыз кылууну суранабыз.

Кыздын үй-бүлөсү издөө иштерине жардам берүүнү суранат. Байланыш номерлери: 0705603704, 0700824212.

Эске салсак, 18-июлда саат 15:00 чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосундагы "жапайы пляждан" 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кичине кыз толкун болуп жаткан учурда көлгө чөгүп кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7779