Милиция "Слово Кыргызстана" гезитиндеги мушташтан кийинки эки арыз жөнүндө айтып берди
RU

Милиция "Слово Кыргызстана" гезитиндеги мушташтан кийинки эки арыз жөнүндө айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи май райондук ИИБ Kаktus.media редакциясына "Слово Кыргызстана" гезитинде болгон мушташ жөнүндө кененирээк маалымат берди.

Кечээ,23-февралда 16:30 чамаасында милицияга "Слово Кыргызстана" гезитинин редакциясында аялдар арасында чыр-чатак чыккан деген маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерден Кифаят Аскерова Уматкуль Бралкеевага каршы арыз менен кайрылган. Анын айтымында Бралкеева анын ишине тоскоол болуп, сабап таштаган.

Ошол эле күнү 4-шаардык ооруканасында саат 17:00дө Аскерова жаракаттар менен госпитализацияга алынганын маалымдаган.

Бул факттар Биринчи май райондук ИИБде катталып, "Майда зөөкүрдүк" беренеси боюнча сотко чейинки иш башталган.

Жаракаттардын деңгээлин билүү үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Бул экспертизанын негизинде юридикалык баа берилет, деди милицияда.

Эске салсак, Кифаят Аскерова Курманбек Мамбетов кеткенден кийин башкы редактордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ага чейин ал редактордун биринчи орун басары болуп келген. Белгилей кетсек, гезиттин жамааты да эки жаатка бөлүнгөн. Бир тарабы мурунку редактор Тамара Слащеваны колдойт жана Жанна Каримовага байланышкан басылмага каршы чыгат. Айрым кызматкерлердин айтымында ал аркылуу басылмада акча төлөнгөн материалдар жайгаштырылып келген.

Экинчи тараптагылар Тамара Слащевага жана редакцияда иштеген айрым кызматкерлерге каршы. Редакциядагы конфликт бир нече айдан бери созулуп келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/780