"Слово Кыргызстана" гезитинин директору: Коридордогу кандын бардыгы меники!
RU

"Слово Кыргызстана" гезитинин директору: Коридордогу кандын бардыгы меники!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 23-февралда, "Слово Кыргызстана" гезитинин редакциясында коммерциялык директор Уматкүл Бралкеева менен башкы редактордун милдетин аткаруучу Кифаят Аскерова мушташа кетишти.

Kaktus.media'нын редакциясы экөө менен тең байланышканда Аскерова бул маалыматты жарыялабай эле коюууну суранды. Ал эми Бралкеева ортодо болгон конфликтке комментарий берүүгө макул болуп, бул инцедентте жабырлануучу тарап экенин билдирди.

"Кифаят Аскерова - редактордун милдетин мыйзамсыз аткарып жатат. Курманбек Мамбетов кызматынан кетип жатканда аны редактордун биринчи орун басары кылып калтырып кеткен. Мындайча айтканда, Аскерова өзүн-өзү дайындап алды. Гезиттин акыркы санында да ал баш редактордун милдетин аткаруучусу катары көрсөтүлгөн. Бирок, баш редакторду өкмөт дайындайт, аны эч ким бекиткен эмес. Уруштун бары ушундан чыгып жатат.

Кифаят Аскерова мага кол салды. Бул окуя кечээ, түштөн кийин болду. Бардыгы алдын ала пландалган окшойт. Александр Шепеленко редакцияда жүргөн болчу. Ал Аскерова менин үстүмдө отурганын көрүп, кайра кабинетине кирип, бекинип алды. Бир нерсе көргөнүн тастыктабай жатат. Мен редкцияга эркектерди куттуктап коеюн деп келгем. Сергей Сидоров менен жолугуштук, ал кийин кетип калган. Андан кийин мен да чыккам. Аскерова мени менен сүйлөшүп баштады. Мен аны менен сүйлөшпөй турганымды айттым. Жанынан өтүп баратсам мага асылды. Коридордо экөөбүз кармаша кеттик, мен жардамга чакырдым. Коопсуздук кызматкерлери мени угуп, үстүмдө отурган Аскерованы алып түшүрүштү.

Андан кийин милицияга бардым. Арызымды кабыл алышып, жолдомо кагаз беришти, бүгүн бардыгын тарттырып келем. Денемдин бары көкала, тишим шалкылдап калды, бармагым тиштелген", - деп Бралкеева айтып берди.

Жабырлануучу Кифаят Аскеровага арыз жазды. Аны колдогон гезиттин башка кызматкерлерине да арыз жаза тургандыгын билдирди.

"Анткени алар дароо жетип келип, бардыгын сүрөткө тарта башташты. Менин канымды Аскерованын каны деп айта башташты", - деп кошумчалады Бралкеева.

Эске салсак, Кифаят Аскерова Курманбек Мамбетов кеткенден кийин башкы редактордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ага чейин ал редактордун биринчи орун басары болуп келген. Белгилей кетсек, гезиттин жамааты да эки жаатка бөлүнгөн. Бир тарабы мурунку редактор Тамара Слащеваны колдойт жана Жанна Каримовага байланышкан басылмага каршы чыгат. Айрым кызматкерлердин айтымында ал аркылуу басылмада акча төлөнгөн материалдар жайгаштырылып келген.

Экинчи тараптагылар Тамара Слащевага жана редакцияда иштеген айрым кызматкерлерге каршы. Редакциядагы конфликт бир нече айдан бери созулуп келет.

Сүрөттөр Уматкуль Бралкееваныкы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/778