Чүйдө тойкананын кызматкерлери 17 жаштагы кызды зордуктаган деп шектелүүдө
RU

Чүйдө тойкананын кызматкерлери 17 жаштагы кызды зордуктаган деп шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдөгү "Алтын казына" тойканасынын эки кызматкери 17 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектелүүдө. Жабырлануучу тараптын айтымына караганда, кызматкерлер кызга уктатуучу дары берип, мейманканага алып барып зордукташкан.

Бул окуя боюнча учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан Kaktus.kg сайтына кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 7-августта 1964-жылы туулган У.Ж. аттуу жаран милицияга кайрылып, 2005-жылы туулган кызын эркине каршы зордуктагандарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээси окуя 7-августка караган түнү Лебединовка айылында болгонун белгилеген.

Арыз каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иши башталды. Окуя боюнча бардык адамдар такталып, алар сурак беришип, тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат. Аталган окуя Чүй ОИИББдин башчылыгы тарабынан көзөмөлгө алынды, тыкыр изилдөө жүргүзүлүп, күнөөлүү адамдарга мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7812