Кырсыктан каза тапкан төкмө акын Акжол Канатбек уулунун элесине арналган обондуу ыр чыкты
RU

Кырсыктан каза тапкан төкмө акын Акжол Канатбек уулунун элесине арналган обондуу ыр чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жол кырсыгынан каза тапкан төкмө акын, ырчы Акжол Канатбек уулунун жаркын элесине арналган обондуу ыр чыкты. Маркумдун досу, ырчы Бек Исраилов "Акжолго" аталышындагы ырын угармандардын назарына койду.

Ырчы менен байланышканыбызда алар жакын достордон болгонун жана ырдын жаралышын кыскача айтып берди.

Чындыгында Акжол Канатбек уулу жакын досум болчу. Экөөбүз көп күндөрдү чогуу өткөрдүк. Чыгармачылыкта көп ырларды жаздык. Андан көп нерсени үйрөндүм. Өтө таланттуу, шайыр, ички дүйнөсү таза бала болчу. Көптөн бери ыр саптары оюма келип, анын жаркын элесине деп ырды жаздырдым. Чыгармачылыктагы досубуз болгондуктан мен ойлойм, колубуздан келишинче Акжолду эскерип, анын ырларын өчүрбөй аткарышыбыз керек деп.

Белгилей кетсек, Акжол төкмө акын Майра Керим кызынын уулу. 2019-жылы 11-ноябрга караган түнү Акжол Канатбек уулу жубайы менен Балыкчыдан Кочкорго бара жатып жол кырсыгына кабылган. Ал отурган унаа жүк ташуучу унаа менен кагышып, алдына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен Акжол, жубайы жана дагы эки жигит каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7813