Жеңүүчү "А"Студио" тобу менен келишим түзөт. Ырчы Азат Раимбердиев сынакта финалга чыкты
RU

Жеңүүчү "А"Студио" тобу менен келишим түзөт. Ырчы Азат Раимбердиев сынакта финалга чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү "А"Студио" тобунун сынагына катышкан кыргыз ырчысы Азат Раимбердиев финалга чыкты. Бул туурасында ырчынын жакындары тарабынан маалым болду.

Белгилүү болгондой, "А"Студио" тобу Казакстанда "Джулия" квалификациялык сынагын жарыялаган. Ага ырчы Азат Раимбердиев катышып, биринчи жана экинчи турдан өттү.

Казакстанда өтүп жаткан сынакка КМШ өлкөлөрүнөн 300дөн ашык ырчы катышты. Бул иш-чараны "А"Студио" тобунун солисти Байгали Серикбаев уюштурган. Ал Азат Раимбердиевдин өзгөчө вокалдык жөндөмүн белгилеп, финалга кыргыз ырчысын тандап алды. Финалдын жеңүүчүсүн легендарлуу "А"Студио" тобу менен келишим түзүү күтүп жатат.

Азат Раимбердиев бир кездери популярдуу болгон "Дельмар" тобунун вокалисти. Ал акыркы учурда Кыргыз өлкөсүндө эле эмес, Казакстанда да эмгектенип, активдүү иштеп келет.

Кыскача маалымат: "А"Студио" тобу 1987-жылы Казакстанда түзүлгөн. Топтун алгачкы мүчөлөрү Байгали Серкебаев, Владимир Миклошич, Батырхан Шукенов жана гитарачы Баглан Садвакасов болгон. Топ "Жулия" аттуу мегахит ырын чыгаргандан кийин Орусиянын примадоннасы аталган топко өзүнүн ыр театрында иштөө сунушун киргизген. Пугачёванын сунушу менен топтун аталышы кыскартылып "А"Студио" болуп, Алланын жардамы менен бүтүндөй КМШ өлкөлөрүнө таанылган. Топтун курамы бир нече ирет өзгөргөн, учурда Байгали Серкебаев, Владимир Миклошич, Кети Топурия, Евгений Дальский жана Сергей Кумин мчүө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7782