Пансионатта эс алып жүрүп жоголуп кеткен 5 жана 10 жаштагы кыздар табылды
RU

Пансионатта эс алып жүрүп жоголуп кеткен 5 жана 10 жаштагы кыздар табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө ата-энеси менен эс алып жүргөндө жоголуп кеткен кыздар аман-эсен табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди. ИИМдин "Шумкар" атайын багытта полкунун маалыматынан билдиришкендей, адашкандардын арасында эгиздер бар.

Белгилүү болгондой, 8-августта "Кыргызское взморье" эс алуучу жайында 5 жаштагы кыз дайынсыз кеткен. Атайын багыттагы полктун кызматкерлери кечки саат 21:15 чамасында пансионаттын айланасынан кызды таап, ата-энесине ѳткѳрүп беришти.

Андан тышкары "Голубой Ысык-Кѳл" эс алуучу жайында 10 жаштагы эгиз кыздар жоголгон. Полктун 4 кызматкери издѳѳ иштерин жүргүзүп, табылган эгиз кыздарды туугандарына ѳткѳрүп беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7818