Ресторандын кызматкерлери 17 жаштагы кызды зордуктады деген окуя. Тойкана ээси үн катты
RU

Ресторандын кызматкерлери 17 жаштагы кызды зордуктады деген окуя. Тойкана ээси үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө 17 жаштагы өспүрүм кызды "Алтын казына" тойканасынын эки кызматкери зордуктаганы кабарланган. Жабырлануучу тарап аталган ресторан Махабат Мавляновага таандык экенин айтып, нааразы болушкан. Бул билдирүүдөн тойкананын ээси Махабат Мавлянова түшүндүрмө берди.

Айтымында, бул окуя анын да үрөйүн учурган.

"Менимче айрым түшүндүрмөлөрдү берүү зарыл. Акыркы 3 айдын ичинде Maryotel мейманканасы ар кандай спорттук командаларды кабыл алган спорттук уюм тарабынан ижарага берилген. Алар толугу менен өз алдынча башкарышат. Биздин компаниянын көзөмөлүндө эмес. Күнөөлүүлөр мыйзамдын өтө катаалдыгына жараша жазаланышын каалайм, бирок шектелген адамдарды айыптоодон мурун, тергөөнүн, экспертизанын жыйынтыгын күтүш керек деп ойлойм. Анткени, күнөөсүздүк презумпциясы бар.

"Алтын-Казына" ресторанынын администрациясы калкка банкеттик кызмат көрсөтүүнү гана максат кылып, ашпозчуларды, официанттарды жана башка кызматкерлерди жумуш менен камсыз кылып, айлыктарын төлөп келет. Бирок эртең тигил же бул кызматкер, тигил же бул адам кандай кадамга барарын эч ким алдын ала көрө албайт. Адамда келечектеги кылмышкерди же тартип бузуучуну алдын ала таануу өтө кыйын. Ар бир бизнес ээси ушундай кырдаалга туш болушу мүмкүн, анын кызматкери ким болуп чыгышы мүмкүн экенине эч ким кепилдик бере албайт.

Мен кыздын ата-энесинин сезимдерин түшүнөм, бирок аларды менин аброюма жана мекемелердин аброюна шек келтирүүдөн алыс болууга чакырам. Биз да сиздерге окшоп акыйкат иликтөөнү жана сөзсүз жазаланышын талап кылабыз".

Аталган окуяны Чүй ОИИББдин башчылыгы көзөмөлгө алып, тергөө жүргүзүлүүүдө. Окуя боюнча бардык адамдар такталып, алар сурак беришип, тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7820