Кызматкерлери 17 жаштагы кызды зордуктады деген тойкана билдирүү таратты
RU

Кызматкерлери 17 жаштагы кызды зордуктады деген тойкана билдирүү таратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө 17 жаштагы кызды "Алтын казына" ресторанынын кызматкерлери зордуктаганы кабарланган. Чуу жараткан окуядан кийин аталган тойкананын жетекчилиги билдирүү жасады.

Окуя кызматкерлердин жумуш убактысынан тышкары учурда болгон. Кызматкерлер уруксатсыз жеке адамдар тарабынан ижарага алынган жайга кирип кетишкен. Шектүүлөр кармалды жана алар мыйзамга ылайык жаза алышат. Биз бул кырдаалды кабыл алып, тергөөгө ар тараптуу жардам берип жатабыз. Ошондой эле биз дагы сиздер сыяктуу эле адилеттүүлүк тарабында экенибизди билдиребиз.

Буга чейин Чүйдө 17 жаштагы кызды зордуктоого "Алтын казына" тойканасынын эки кызматкери шектелип жаткан. Алар кызды мейманкага алып барып алмак-салмак зордукташканы айтылган. Кийинчерээк Чүй ОИИББи шектүү катары 20 жаштагы У.Э. аттуу жаран кармапганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7839