Баткенде умрага бара турган 20 киши алданып калды. Шектүү ар биринен 75 миң сомдон алган
RU

Баткенде умрага бара турган 20 киши алданып калды. Шектүү ар биринен 75 миң сомдон алган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде кичи ажылык сапарына барууга ниеттенген 20 адам алданып калды. Облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына билдиришкендей, алардын ар бири 75 миң сомдон берген.

Кадамжай РИИБине акыркы бир ай ичинде 16 адам арыз менен кайрылган. Алар умра сапарына жөнөтөм деп акчасын алып, сапарга жөнөтпөй жаткан аялга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул арыздар 209-берене (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чарасынын негизинде 9-августта шектүү катары эч жерде иштебеген 39 жаштагы А.Б. Ош шаарында кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган келин 20 адамдын ар биринен 75000 сомдон акча алганы белгилүү болду.

Азыркы учурда шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери улантылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7848