Казинонун ачылышына макул болгондорго 10 миң сомдон берилеби? Улуттук банктын жообу
RU

Казинонун ачылышына макул болгондорго 10 миң сомдон берилеби? Улуттук банктын жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернетке президент Садыр Жапаров жана Улуттук банк казинонун ачылышын колдогондорго 10 миң сомдон гранттык каражат берилет деген билдирүү тарады. Улуттук банк маалымат жалган экенин айтып жарандарды сак болууга чакырды.

Маалыматка ылайык, шылуундар алгач жеке маалыматтарды билүүгө мүмкүнчүлүк алган онлайн резюмени толтуруу керектигин өтүнүшөт.

"Бул алдамчылык аракеттердин бир түрү болуп саналат. Максаты - өздүк маалыматка ээ болуу. Эч убакта жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербеңиз!

Текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбеңиз, ошондой эле ал жакка жеке маалыматтарды жана картаңыздын реквизиттерин эч качан жазбаңыз. Бардыгыңыздарды сак болууга чакырабыз!", - дешет банктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7846