Байлыгым да, таанышым да жок. 17 жаштагы кызды зордуктоого шектүүнүн атасы коомго кайрылды
RU

Байлыгым да, таанышым да жок. 17 жаштагы кызды зордуктоого шектүүнүн атасы коомго кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө 17 жаштагы кызды "Алтын казына" тойканасынын кызматкерлери зордуктады делинип, милиция 20 жаштагы жигитти кармаган. Соттун чечими менен шектүү делинген Улан уулу Эсентур эки айга камакка алынды.

Шектүүнүн атасы Улан Ажымүдүнов Kaktus.kg cайтына окуя боюнча бир тараптуу маалыматтар берилип жатканын айтып, коомчулукка кайрылуу жасады.

Эсентур аталган ресторанда баш-аягы 3 жыл иштеди. Келинчеги эртең, бүрсүгүнү көз жарат. Уулумдун кылмышы далилдене электе күнөөлөп, каралап, кылмышкер деп айткандардын сөзү бизге оор тийип жатат. Ошондуктан экспертизалардын жыйынтыгы чыгып, тергөө аяктаганга чейин кылмышкер дебей турсаңыздар деп коомчулукка кайрылат элем.

Улан Ажымүдүнов окуянын кандай болгонун баласынын айтканы боюнча баяндап берди. Ошондой эле окуяга катыштыгы бар экинчи жигит эркин жүргөнүн кошумчалады.

Баламдын айтуусунда окуя башкача болгон. Ошол күнү жумуш кеч бүтүп тойканада иштеген 2 кыз жана дагы бир администратор болуп төртөө эс алалы дешиптир. Алар мейманкага барып спирт ичимдигин ичишкен экен. Мастык менен эмне болгонун билбей калышыптыр. Бирок күч колдонуп зордуктоо болгон эмес дейт балам. Милиция кызматкерлери баламды сыртка алып чыкканда унаага салганга чейин ушуну эле сураганга үлгүрдүм. Мага уулум менен сүйлөшүүгө, окуянын жагдайларын сураганга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Экинчи жигит эркин эле жүрөт.

Шектүүнүн атасы жашы жете элек кыздарды мүмкүн болсо иштетпей, зарылчылык болсо күндүзгү жумуштарда гана иштөөсүнө уруксат берсек дейт. Ал эми баласы буга чейин жаман жоруктарды жасабаганын, колледжди ийгиликтүү аяктап, учурда жогорку окуу жайда сырттан билим алып жатканын кошумчалады.

Эсентурдун буга чейин ичимдик ичип, тамеки чеккенин, жаман жоруктарын көрүп, уккан эмесмин. Балким, мага көрсөтпөй жүргөнбү билбейм. Мен ушул убакка чейин айдоочу болуп иштеп келем. Баламды актап, кылганын жаап-жашыруу үчүн акча бере кала турган байлыгым деле жок. Чоң кызматтарда иштеген таанышым да жок. Бирок уулум күнөөлүү эмес экенинен үмүт кылам. Дагы бир жолу алдын ала каралап, күнөөкөр кылбай туруңуздар, тергөөнүн, соттун чечимин күтөлү.

Буга чейин Чүйдө 17 жаштагы кызды зордуктоого "Алтын казына" тойканасынын эки кызматкери шектелип жаткан. Алар кызды мейманкага алып барып алмак-салмак зордукташканы айтылган. Кийинчерээк Чүй ОИИББи шектүү катары 20 жаштагы У.Э. аттуу жаран кармалганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7862