Баткенде 33 жаштагы келин мурдагы күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынып, зордукталды
RU

Баткенде 33 жаштагы келин мурдагы күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынып, зордукталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 33 жаштагы келин мурдагы күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынып, зордукталды. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашып, шектүү кармалганын билдиришти.

Башкармалыктын билдирүүсүндө 33 жаштагы келин (Ноокат районунун тургуну) милицияга кайрылганы айтылат. Арызда 21-июль күнү Кызыл-Кыя шаарындагы "Таштемир-Ата" базарына жакын талаага келинди мурдагы күйөөсү (35 жаштагы Б.К.) коркутуп алып барып, ыплас жолдор менен зордуктап, ур-токмокко алып денесине жаракат келтиргени көрсөтүлгөн.

Бул факты 154-берене (Зордуктоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 35 жаштагы Б.К. Ысык-Көл облусунда качып жүргөн жеринен кармалып, Кызыл-Кыя ШИИБине алып келинди.

Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат", - дешти мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7864