"Кыргыз почтасы" Хабиб Нурмагомедовдун атасына атайын марка чыгарып, нааразычылык жаратты
RU

"Кыргыз почтасы" Хабиб Нурмагомедовдун атасына атайын марка чыгарып, нааразычылык жаратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Орусиялык UFC уюмунун жеңилбес мушкери Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедовго "Кыргыз почтасы" ишканасы атайын почта маркасын чыгарды. Ишканадан билдиришкендей, Абдулманап Нурмагомедовдун урматына 6 миң даана почта маркасы чыкты.

Аталган мамлекеттик ишкананын төрагасы Марат Черикчиев атайын марканы Хабиб Нурмагомедовго салтанаттуу тапшырды. Ошондой эле ал Нурмагомедовго спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, анын атасы көптөгөн наамдуу спортчуларды тарбиялап өстүргөнүн, почта маркасынын чыгарылышы анын элесин түбөлүккө калтыраарын билдирди.

Бул саамалыктан кийин коомдо "Кыргыз почтасына" нааразы болуп, сын айткандар күч алды. Алардын көбү "кыргыздын мыкты уул, кыздарына, атак-даңк алып келген чыгаандарга, алардын ата-энесине деле марка чыгарбайбы" дешүүдө.

Эске салсак, Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга 8-августта келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7874