Эркин Рыскулбеков: "Кыргыз почтасы" чыгарган марканы угуп ичтен бир сыздым
RU

Эркин Рыскулбеков: "Кыргыз почтасы" чыгарган марканы угуп ичтен бир сыздым

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алып баруучу Эркин Рыскулбеков телевидениенин отличниги Салтанат Саматованы эскерүү тактасын коюуга өкмөт дагы бир жылдан кийин уруксат берерин айтып чыкты. Ал мындай пикирин "Кыргыз почтасынын" Хабиб Нурмагомедовдун атасына атайын арнап чыгарган маркасынан кийин билдирди.

Мындан төрт жыл мурун мэрияга ыраматылык Салтанат Саматова жашаган Ибраимов көчөсүндөгү үйгө "Бул үйдө Салтанат Саматова жашаган" деген тактаны өзүбүздүн каражатыбызга илгенге уруксат сурап баргам. Ал кездеги шаардык кеңештин төрагасы дагы Жаныбек Абиров бул демилгени колдоп, тиешелүү бөлүмдөргө тапшырма берип баштаган. Ал эми мэриянын кызматкерлери "өкмөттүн "белгилүү адамдар каза болгондон 5 жыл өткөндөн кийин эскерилет" деген токтому бар экенин, 2023-жылдын 15-августуна чейин уруксат бере албайбыз" деп төрагага жана мага жооп берди эле. Бүгүнкү "Кыргыз почтасы" чыгарган марканы угуп "Аа, Салтуша, сен кыргызстандык эмес болгонуңда, жанагы тактаны беш жыл күттүрбөй эле илгенге уруксат бермек экен өкмөт" деп ичтен бир сызып койдум.

Белгилей кетсек, "Кыргыз почтасы" UFC уюмунун жеңилбес мушкери Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедовго арналган марка чыгарып, аны мушкерге салтанаттуу тапшырды. Бул окуядан кийин "Кыргыз почтасына" көпчүлүк нааразычылыктарын айтышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7872