"Кыз куумай" оюнунун заманбап варианты. Ат мингендин ордуна сноуборд тебишет (видео)
RU

"Кыз куумай" оюнунун заманбап варианты. Ат мингендин ордуна сноуборд тебишет (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандагы туризмди улуттук кийимдердин жана сноуборддун жардамы менен өнүктүрүүгө аракет кылган Айгерим Мухтар кызы жаңы видеосун жарыялады.

Биринчи видеосунда, ал байыркы менен заманбап учурдун симбиозун чагылдырууга аракет кылган. Кыргызстандын маданиятын бүгүнкү жашоого ыңгайлаштырса боло турганын көрсөтүүгө умтулган.

"Андан тышкары, Кыргызстандын кооз табиятын да көрсөткүбүз келди. Бул видео туристтердин кызыкчылыгын жаратат, деп үмүттөнөм", - деп Айгерим баса белгилеген.

Экинчи видеосунда, Айгерим кыргыздардын "кыз куумай" улуттук оюнун көрсөттү. "Бирок бизде кыз куумай эмес эле, жигит куумай болот окшойт. Анткени, видеодогу жигит ракетадай тез жүрөт, а мен болсо ташбакадай жай тебем", - деп жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/790