Айгерим Мухтар кызы улуттук кийим жана снуборддун жардамы менен туримзге салымын кошту
RU

Айгерим Мухтар кызы улуттук кийим жана снуборддун жардамы менен туримзге салымын кошту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жакында инстграмда улуттук кийим кийим алып, сноуборд тепкен кыздын видеосу Instagram'га чыкты. Ал бул идея кантип келгенин жана эмне үчүн мындай видео тартканын айтып берди.

Анын айтымында, башында улуттук кийим кийип алып, тоонун койнунда жөн гана фотосесия жасоону пландап жаткан.

Күндөрдүн биринде чачымды беш көкүл кылып өрүп алгам, мени көргөн досум фотосессияф кылалы деп сунуштап калды, андан кийин мен сноуборд менен комуз күүсүн кошолу деп сунуштадым.

Айгерим кыргыз маданияты жана табияты менен суктана турганын айтты. "Шаардан 30 километр алыстасаң эле башка дүйногө түшүп калгандай болосуң, бул баа жеткис байлык", - деди ал.

"Андан тышкары, Кыргызстандын кооз табиятын да көрсөткүбүз келди. Бул видео туристтердин кызыкчылыгын жаратат, деп үмүттөнөм", - деп белгиледи Айгерим.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/603