Бишкекте 22 жаштагы келин төрөт үйүнө жетпей таксиде көз жарды
RU

Бишкекте 22 жаштагы келин төрөт үйүнө жетпей таксиде көз жарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте төрөт үйүнө бара жаткан келин таксиде көз жарды. Бул туурасында Kaktus.media`га "Тез жардам" кызматынан ырасташты.

Бул окуя 15-августта эртең менен катталган. 22 жаштагы келин борбор калаадагы соода борборлорунун биринде жүргөндө толгоосу башталган. Ал төрөт үйүнө такси менен бара калайын деп, такси кызматын чакырган. Бирок келин унаадан төрөгөн.

"Ал такси менен ооруканага өз алдынча бармакчы болгон. Окуя болгон жерге реанимация тобу жөнөтүлүп, алар убагында барышкан. Келин таксиде төрөгөн. Эне менен баланын абалы канааттандырарлык, алар төрөт үйүнө жеткирилди", - деп билдирди "Тез жардам" борборунан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7928