Ырчы Дайыр Исамдияров экинчи ирет уулдуу болду
RU

Ырчы Дайыр Исамдияров экинчи ирет уулдуу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Дайыр Исмадияровдун жубайы экинчи уулун жарыкка алып келди. Ал кубанычы менен тең бөлүшүп, уулуна Демир деген ысым койгонун айтты.

Темирдей бекем, болоттой курч жигит болсун деп атын Демир деп атадык. Экинчи уулум да апама окшош. Бүгүн, 3-августта төрөтканадан чыгарып келдик. Учурда кубанычым коюнума батпай турган чагым.

Ырчыны жубайы Жанара айым 27-июлда көз жарган. Түгөйлөр буга чейин Дастан аттуу баланы тарбиялап келишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7761