Ноокатта 16 жаштагы кыз төрөдү. Шектүү кармалып, суракта экени белгилүү болду
RU

Ноокатта 16 жаштагы кыз төрөдү. Шектүү кармалып, суракта экени белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Ноокат шаарында 16 жаштагы кыз көз жарды. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери башталганын облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Окуя боюнча Ноокат РИИБине ооруканадан кабар түшкөн. Маалымат электрондук журналга катталып, тергөө амалдары башталды. Прокуратура органдары тарабынан бул факты көзөмөлгө алынды. Учурда шектүү кармалып, сурак берип жатканы маалым болду.

Ош ОИИБден көз жарган кыз жашы жете элек болгондуктан балдар боюнча кодекске ылайык, толук маалымат берилбей турганын билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7935