"Молдо өзү айткан", "Сураган эмесмин". Белгилүүлөр махрга эмне сураган же эмне берген?
RU

"Молдо өзү айткан", "Сураган эмесмин". Белгилүүлөр махрга эмне сураган же эмне берген?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир нече күндөн бери махр темасы социалдык тармакта кызуу талкууланып жатат. Махрдын айланасында күмөн суроолор да жаралып, ага Муфтият так түшүндүрмө берди.

Махр - шарият боюнча нике кыйылганда төлөнүүчү, күйөөнүн колуктусуна милдеттүү түрдө бере турган тартуусу. Kaktus.kg сайты белгилүүлөрдүн махрга эмне сураганын же махрга эмне бергенин топтоду.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева: "Биз 1989-жылы үйлөнгөнбүз. Анда махр деген жок болчу. Өкүл ата, өкүл апа деле дайындалган эмес. Кайнатам менен кайненем нике шакегин алып берип, бир сыйра кийинтип шаардан алып кетишкен. Учурда махрга унаа, үй сурап жаткандарды интернет айдыңынан көрүп таң калдым. Менимче күйөөңдүн сүйүүсү махр болуп эсептелет".

Актёр, тамашоучу Актан Рыскелдиев: "Нике кыйып жатканда келинчегим молдого "мен азыр сурабайм, кийин сурайм" деп коюптур. Менин эсимде жок".

Ырчы Айпери Кубик кызы: "Махрга эч нерсе сураган эмесмин. Жолдошума ажылык сапарга барып келели дегем".

Ырчы Данияр Эрматов: "Биз үйлөнүп жатканда молдо махрга эмне сурайсыз десе жубайым "кереги жок" деп айтпай койгон. Ошондо молдо мага өзүң бир нерсе бересиңби деген. 20 миң сом берем деп, бир жылдан кийин бергем. Акчаны берсем жубайым албайм деп жатып араң алган. Кийин ал акчаны жалпы тиричиликке жумшап койду окшойт".

Актриса Айгерим Саматова: "Молдо өзү эле жолдошума баасы 15 миң сомго чейин болгон бир нерсе алып берип кой деди".

Ырчы Айдана Дека: "Махрга алтын комплект сурагам".

Ырчы Дайыр Исмадияров: "Биздин убакта молдо алтын алып бересиң деп койчу. Мага деле молдо алтын деген".

Модель Эркайым Абдуллаева: "Чынын айтсам махрга эч нерсе сураган эмесмин. Жолдошум акчалай белек кылам деген. Ала элекмин. Анткени экөөбүз тең махрды маанилүү деп кабыл алган эмеспиз".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7936