Махр менен калың бир эле нерсеби? Муфтият так түшүндүрмө берди
RU

Махр менен калың бир эле нерсеби? Муфтият так түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир канча күндөн бери интернет желесинде турмушка чыгып жаткан келиндин нике кыюу учурунда махрга акыркы үлгүдөгү уюлдук телефон сураган видеосу талкууланып жатат. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары махр эмне деген суроолорун да узатышты. Мындан улам Муфтиятка кайрылып, махр тууралуу түшүндүрмө алдык.

Махр деген эмне?

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан махр - шарият боюнча нике кыйылганда төлөнүүчү, күйөөнүн колуктусуна милдеттүү түрдө бере турган тартуусу дешет.

Махрды төлөөнү белгилүү (күн мурунтан сүйлөшүлгөн) мөөнөткө жылдырууга мүмкүн. Мындай махр "муажжал" деп аталат, башкача айтканда, кечиктирилген махр. Нике кыйылып жатканда же кыйылар замат берилүүчү махр "муъажжал" – тездетилген нак, кечиктирилгис деп аталат.

Махр менен калың эки башка нерсеби?

Махр жана калың бир эле нерсе. Махр жөнүндө Куранда жана Ханафий мазхабында бар. Ал бизде калың деп эсептелет.

Махрда кандайдыр бир каржылык чектөөлөр барбы?

Ар кайсы өлкөлөрдүн дин кызматкерлери адатта махрдын минималдуу өлчөмүн белгилешет. Бир катар өлкөлөрдө минималдуу сумма он дирхамга (төлөм каражаты катары колдонулган күмүш тыйын) барабар. Төлөмдүн максималдуу суммасы же белектин баасы чектелбейт, бирок күйөөнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша болот. Адегенде махр ажырашуу учурунда аял үчүн белгилүү бир каржылык жаздык болгон.

Адатта махрга эмнелерди сураса болот?

Махрга келин каалаганын сурайт. Ал эмне алгысы келгенин айтышы керек. Бул зер буюмдар, смартфондор, акча, ал тургай кыймылдуу же кыймылсыз мүлк болушу мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7930