Бети менен жерге кулаган. Бишкекте 71 жаштагы аялды тоноо учурундагы видео
RU

Бети менен жерге кулаган. Бишкекте 71 жаштагы аялды тоноо учурундагы видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте улгайган аялды тоноого шектелип 28 жаштагы жаран кармалды. Ал жалгыз жүргөн аялдарды тоноп жүргөн дешет ИИМдин маалымат кызматынан.

Маалым болгондой, окуя 24-июлда саат 16:30 чамасында орун алган. Анда белгисиз жаран подъездден улгайган аялдын сумкасын тартып алууга аракет кылган. Аял сумкасын коё бербей, жерге жыгылып кеткенде кол салган адам белгисиз тарапка качып кеткен. Мунун кесепетинен 1951-жылы туулган В.Т. ооруканага жеткирилип, ага мээси чайкалган, моюн сөөгү сынган деген диагноз коюлган.

Бул факты 206-берене (тоноо) менен каттоого алынып, тергөө иштери башталган.

Жүргүзүлгөн иштердин алкагында шектүү катары 1994-жылы туулган И.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал Сокулук районунун тургуну, буга чейин уурулук кылгандыгы үчүн бир нече жолу жоопко тартылган. Анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7946