Милиция Бишкектеги ок атышуунун жаңы жагдайларын айтты
RU

Милиция Бишкектеги ок атышуунун жаңы жагдайларын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте түндө орун алган ок атышуудан бир адам жабыркады. Бул туурасында Бишкек ШИИББдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя 7-августта Каарманский көчөсүндө болгон. Анда белгисиз адам октон жаракат алганы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Жерине Биринчи Май РИИБинин тергөө тобу барып белгисиз үлгүдөгү тапанча, 1 даана патрон жана гильза табылган.

Алдын ала маалымат боюнча, ок атышуудан 1984-жылы туулган А.Р. аттуу жаран жаракат алып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты боюнча 280-беренеси "Бейбаштык" негизинде кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар дайындалды.

Милициядан бүгүнкү күнгө чейин шектүүлөр табыла электигин, тиешелүү иш-чаралар улантылып жатканын кабарлашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7871