17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип "Алтын казынанын" дагы бир кызматкери кармалды
RU

17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип "Алтын казынанын" дагы бир кызматкери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө 17 жаштагы кызды "Алтын казына" тойканасынын кызматкерлери зордуктады деген окуя боюнча дагы бир шектүү кармалды. Маалыматты Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 7-августта Аламүдүн РИИБине У.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 17 жаштагы кызын эркине каршы зордуктагандарды жоопко тартууну суранган.

Бул факты каттоого алынып, милиция кызматкерлери 20 жаштагы Э.У`ну кармап, ал 2 айга камакка алынган. Кийинчерээк дагы бир шектүү кармалды.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө 1996-жылы туулган Т.М. аттуу жаран колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешет маалымат кызматынан.

Буга чейин Чүйдө 17 жаштагы кызды зордуктоого "Алтын казына" тойканасынын эки кызматкери шектелип жаткан. Алар кызды мейманкага алып барып алмак-салмак зордукташканы айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7979