Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектүү сот аяктаганга чейин үй камагына чыкты
RU

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектүү сот аяктаганга чейин үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облустук соту блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыкканын кабарлады. Ал журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу козголгон иштин алкагында камакка алынган.

Билдирүүгө ылайык, 18-августта айыпталуучунун жактоочусу баш коргоо чараны өзгөртүү өтүнүчүн келтирген. Сот өтүнүчтү канааттандырып, соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин Жолболдуеваны үй камагына чыгарды.

Кийинки соттук отурум 8-сентябрда өтөт.

Эске салсак, 25-мартта Арзыгүл Галымбетованын ден соолугу начарлап, ооруканага кайрылган. Ал эми кечки саат 20:00до неврология бөлүмүндө каза болуп калган. Бул факт "шалаакылыктын айынан өлүмгө жеткирүү" беренеси боюнча катталып, экспертизалар дайындалган. Анын өлүмүнө шектелип 33-жаштагы Батмакан Жолболдуева кармалган.

Жолболдуева бейбаштык кылганга жана бийлик өкүлүнө же коомдук тартипти көзөмөлдөгөн адамга каршылык көрсөткөн деп айыпталууда. Экинчи айып - жасалма документ колдонуу, үчүнчүсү - байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү, дагы бири - жеке турмуштун сырын бузуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7986