Журналисттин өлүмүнө шектелген блогер СИЗОго жөнөтүлдү
RU

Журналисттин өлүмүнө шектелген блогер СИЗОго жөнөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткендин райондук соту блогер Батма Жолболдуеваны бир айга камакка алды. Бул тууралуу райондук соттун кызматкерлери билдиришти.

Белгилүү болгондой, 25-мартта Арзыгүл Галымбетова шаардын ИИБсине кайрылып, аны "Батма-бат" YouTube каналы аброюна шек келтирип, каралап жатканын маалымдаган.

Ошол эле күнү, 25-мартта Галымбетованын ден соолугу начарлап, ооруканага кайрылган. Ал эми кечки саат 20:00до неврология бөлүмүндө каза болуп калган. Бул факт "шалаакылыктын айынан өлүмгө жеткирүү" беренеси боюнча катталып, экспертизалар дайындалган болчу.

Анын өлүмүнө шектелип, 33-жаштагы Б.Ж. (Батма Жолболдуева. - Kaktus.kg'нин эскертүүсү) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 29-мартта Баткендин райондук сотунун судьясы Жолболдуеваны Жалал-Абаддын СИЗОсуна 2022-жылдын 26-апрелине чейин камакка алуу бүтүмүн чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6212