Мектеп босогосун бир да жолу аттай элек бала жеке билим берүү мекемеге чакырылды
RU

Мектеп босогосун бир да жолу аттай элек бала жеке билим берүү мекемеге чакырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мектепке бир да жолу бара элек 9 жаштагы бала Бишкектеги Priority жеке мектебине чакырылды.

Буга чейин укук коргоочу Назгүл Турдубекова социалдык түйүндөрдө окуяны айтып берген. Апасы баланы үч айлык кезинде агасына таштап кеткен. Аны таякеси багып келген бирок документи жок, үй-бүлөнүн материалдык абалынан улам мектепке бара алган эмес.

Бул окуя тууралуу билгенден кийин Priority мектебинин директору жана негиздөөчүсү Юлия Джаналиева балага жардам берүүнү чечкен.

"Бүгүн баланы бизге алып келишти. Аны менен мугалимдерибиз, психологдорубуз сүйлөшүп, тесттен ийгиликтүү өттү. Көрсө, ал абдан акылдуу, билимге кызыгып, эңсеп турат экен. Биз анын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, бизге окууга чакырдык. Анын окуусу акысыз болот, мектеп аны форма, канцелярдык товарлар менен камсыздайт. Бала күнүнө үч маал тамактанат жана мектептеги бардык секцияларга жана ийримдерге катышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ийгиликке жетет деп ишенебиз", - деди Джаналиева.

Бала биринчи класска кабыл алынат.

Айтмакчы, бул мектеп турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга биринчи жолу жардам берип жаткан жок.

"Бул биздин социалдык милдетибиз. Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары жана жетим балдар бизде бекер окушат. Алар ийгиликтерди көрсөтүп, теңтуштары, мугалимдери менен жакшы мамиледе. Бул ар бир бала жакшы окуй алат дегенден кабар берет. Эң негизгиси буга шарт түзүү керек", - деп жыйынтыктады Джаналиева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8002