Таластагы токойдо өспүрүм кыз жоголду. Анын уюлдук телефону суу жээктен табылды
RU

Таластагы токойдо өспүрүм кыз жоголду. Анын уюлдук телефону суу жээктен табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таластагы Бала-Саруу айылында 14 жаштагы кыз дайынсыз болууда. Анын уюлдук телефону Талас дарыясынын жээгинен табылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 21-августта кечке маал 2008-жылы туулган М.М. атту кыз токойго кетип дайынсыз болгон. Издөө иштеринин жүрүшүндө өспүрүм кыздын уюлдук телефону суу жээктен табылган.

Бүгүнкү күндө издөө иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8016