Таласта токойго эс алууга барган 14 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды
RU

Таласта токойго эс алууга барган 14 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таластагы токойдо жоголуп кетти делинип изделип жаткан өспүрүм кыздын жансыз денеси табылды. 14 жаштагы кыздын сөөгү Талас суусунун жээгинен аныкталганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 21-августта Бала-Саруу айылында токойго эс алууга чыккан 14 жаштагы М.М. аттуу кыз дайынсыз болуп жаткан. Анын уюлдук телефону токойду аралап өткөн Талас суусунун жээгинен табылган.

Бүгүнкү издөө иштерине 19 куткаруучу, 38 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 45 адам тартылып, өспүрүмдүн жансыз денесин табылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8021