Таласта 17 жаштагы кыз айылдашынан кош бойлуу болуп калганы кабарланды
RU

Таласта 17 жаштагы кыз айылдашынан кош бойлуу болуп калганы кабарланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта 17 жаштагы кыз кош бойлуу болуп калды. Учурда ал кош бойлуулуктун 24-аптасында экенин Талас ОИИБдин маалымат кызматынан Kaktus.kg`ге билдиришти.

Маалым болгондой, 28-июнда Талас районунун Манас айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2005-жылы туулган Ж.Ю. аттуу кызы ошол эле айылдын 19 жаштагы С.Ш. аттуу тургунунан боюнда болуп калгандыгын билдирген.

Аталган факты Талас РИИБдин электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Текшерүү учурунда 24 апталык кош бойлуу экендиги аныкталган.

"Аталган факты боюнча 154-берененин 3-бөлүгүндө (1-2-пункттары) көрсөтүлгөн белгилер менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Учурда дайындалган соттук-психиатриялык экспертизанын корутундусу жаңы гана даяр болгондуктан тергөөгө чейинки текшерүү иши башталганын билдиребиз", - дешет башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8076