Таласта кош бойлуу болуп калган 8-класстын окуучусунун окуясы териштирилүүдө
RU

Таласта кош бойлуу болуп калган 8-класстын окуучусунун окуясы териштирилүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта 8-класстын окуучусу кош бойлуу болуп калган факт териштирилүүдө. Окуя Кара-Буура районунун Шекер айылында катталганын Талас ОИИБден Kaktus.kg`ге ырасташты.

Алдын ала маалыматка ылайык, өспүрүм кыз 18 жаштагы жигит менен жакын мамиледе болуп, жыныстык катнашка барган.

"Учурда бул факты боюнча тиешелүү текшерүүлөр жүрүп жатат. Окуя маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталган", - дешет милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7518