Мектепте манас айта албай ыйлап жиберген. 39 жашка чыккан Дөөлөт Сыдыков тууралуу фактылар
RU

Мектепте манас айта албай ыйлап жиберген. 39 жашка чыккан Дөөлөт Сыдыков тууралуу фактылар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуу касиеттин алып жүрүүчүсү, манасчы Дөөлөт Сыдыков 39 жашка толду. Мындан улам Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти тууралуу айрым фактыларды топтодук.

  • Дөөлөт Сыдыков 1983-жылы 25-августта Ысык-Көлдүн Тоң районунун Шор-Булак айылында көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. Тагыраагы, 12 бир туугандын тогузунчусу.
  • Мектепти аяктагандан кийин Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториянын салттуу музыка жана фольклор бөлүмүндө окуган.
  • 12 жашында мектепте түшүм майрамында "манас айтасың" деп чыгарып коюшканда айта албай ыйлап жиберген. Ошондон кийин Саякбай Каралаев түшүнө көп кирип, манас айтууну үйрөткөн. Андан тышкары атасы, чоң атасы да улуу баянды айткан инсандар болушкан.

  • Дөөлөт Сыдыков консерваторияда окуп жүргөндө өмүрлүк жубайы Ырыс Окенованы жолуктурган. Тагыраагы, салттуу музыка боюнча берүүгө манасчы тартылганы барган, ал берүүдө Ырыс Окенова алып баруучу болгон. Учурда алар 4 баланын ата-энеси.
  • Эмгек жолун Токтогул Сатылганов атындагы №69 мектеп-гимназияда мугалим болуудан баштап кийин Улуттук консерваторияда "Манас таануу" боюнча окутуучу болгон. Андан соң Коомдук телерадиокорпорацияда иштеп, "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун мүчөсү болгон.

  • 2020-жылы ноябрь айында дүйнөлүк "Гиннесстин рекорддор" китебине кирүүгө белсенип Бишкекте 14 саат тынбай манас айтса, 2021-жылы сентябрь айында Москва шаарында 5 күн, 5 түн улуу баянды айткан. Манасчы тууралуу Төлөмүш Океев атындагы кыргыз фильмдин тапшырмасы менен даректүү тасма тартылып баштаган.
  • 2021-жылы Эгемендүүлүк күнүндө Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган.
  • Ошол эле жылы "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексинин директору кызматына дайындалат.

  • 2022-жылы май айында "Манас айылы" тарыхый этнографиялык комплексин кайра куруу боюнча долбоорго байланыштуу бийликтен кысым болуп, ал үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгону айткан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8078