Ырыс Окенова: Тапанча көтөрүп келишти, бул тамаша эмес да
RU

Ырыс Окенова: Тапанча көтөрүп келишти, бул тамаша эмес да

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун жубайы, режиссёр Ырыс Окенова үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө эмне себеп болгонун айтты. Ал Москва шаарында Орозайым Нарматова менен маектешип жатып жагдайдын чоо-жайына кеңири токтолду.

Айтымында, мамлекеттик кызматкер катары манасчы менен сүйлөшө албаган саналуу адамдар ыпластыкка барышып, аял кишиге асылган.

"Манас" айылынын жери талашка түшүп, 3-4 ай Дөөлөт капа болуп жүрдү. Бул убакыт аралыгында көп окуя болду. Эң эле жетип кеткени кайсы бир кылмыштуу топтун мүчөлөрү эч кандай чечим же буйрук, кагазы жок келип тапанча көтөрүп келгени болду. Бийлик Манас айылынын жерин чечим чыгарып туруп эле ала берсе болмок да. Ортодон будамайлап, Дөөлөттү кыйнагандын кереги жок болчу.

Ага чейин эле бир нече жүрүштөр болгон. Мени ойлондурганы Дамирбек Асылбек уулу, Марат Турсунбеков деген адамдар эмнеге тапанча көтөрүп келишет? Дөөлөттүн жанындагы баланын буту-колун эмнеге кайрыйт? Милицияга эки жолу чалса алар да келбейт.

Манасчы Манас айылын коргоп жатса жөн гана адамча сүйлөш. Өлкө башчы бардыгын көрмөксөн, билмексен болду. Негизинде кишилерди жиберип жаткан ошол киши болчу да. Бизге келгендер өлкө башчынын атын айтып эле келип жатышты. Бул тамаша нерсе эмес. Дөөлөттүн амандыгы, башына батырып көтөрүп жүргөн мурасы бизге, жакындарына баалуу", - дейт Окенова.

Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков май айынын башында "Манас айылына" байланыштуу чырдан кийин үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Ал кысым болуп жатканын ырастап, бирок кеңири айткан эмес. Кийинчерээк ал Түркиядан түшкөн сүрөтү менен бөлүшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7745