Бишкекте 5 жаштагы бала ооруканада чарчап калды. Дарыгер эмнеден каза болгонун айтты
RU

Бишкекте 5 жаштагы бала ооруканада чарчап калды. Дарыгер эмнеден каза болгонун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 5 жаштагы бала селейме оорусунан каза болду. Ал түндө чарчап калганын Kaktus.media сайтына клиникалык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаева билдирди.

Айтымында, бейтап 23-август күнү кечинде Токмоктогу ооруканадан алынып келген

"Баланы Токмок шаарынан санитардык авиация линиясы аркылуу алып келишти. Ага чейин ал Токмок шаардык жалпы медициналык практика борборунда болгон. Бейтап адистердин кароосунан өткөн. Андан кийин бала селейме деген диагноз менен өтө оор абалда биздин ооруканага жеткирилди. Бизге келгенде баланын денеси карышып, оорунун бардык клиникасы болгон. Дароо кеңешип дарылоону баштадык", - деди ал.

Бала 10 күн мурда сол буту менен мыкты басып алганын апасы айткан дейт Узакбаева.

"Жарат пайда болгон бирок ата-энеси дарыгерлерге кайрылышкан эмес. Ошондой эле бала селеймеге каршы вакцинаны төрөт үйүндө эле алган. Андан бери бир да эмдөө алган эмес. Баланын ата-энеси эмдөөдөн баш тартышкан, муну диний ишенимдер менен түшүндүрүшкөн. Бейтап ооруканага түшкөндө селеймеге каршы сыворотка берилген, ага карабастан 25-август түнү чарчап калды. Колубуздан келишинче аракет кылдык. Бул өлүмгө алып келүүчү сейрек кездешкен олуттуу оору", - деп белгиледи башкы дарыгердин орун басары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8082