Жол кырсыгынан дагы эки өспүрүм көз жумду. Калгандардын абалы оор
RU

Жол кырсыгынан дагы эки өспүрүм көз жумду. Калгандардын абалы оор

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек - Ош автоунаа жолунун 390-чакырымында, Кара-Көлдө жол кырсыгы катталып, эки өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Subaru Outback үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол четинде токтоп турган фуранын чиркегичин сүзгөн. Кырсыктан беш киши жабыркап, алар Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. 16 жаштагы эки өспүрүм ооруканада каза болушкан. Калган адамдардын абалы оор экени айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8075