Жалал-Абадда 30 жаштагы киши тыюу салынган диний уюмга чакырык таштаган деп шектелүүдө
RU

Жалал-Абадда 30 жаштагы киши тыюу салынган диний уюмга чакырык таштаган деп шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда диний-экстремистик, террористтик маанайдагы маалыматтарды жайылтууга шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдун материалдарын ачык түрдө сактап, социалдык баракчалар аркылуу чакырыктарды жасап жаткан жаран тууралуу милицияга алдын ала билдирүү түшкөн.

Бул факты боюнча 332-берененин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө диний-лингвистикалык жана техникалык экспертизалар дайындалып, натыйжада республикада тыюу салынган "Өзбекстан Ислам Кыймылы" уюмуна тиешелүү материалдарды бөлүшүп жүргөн" деген корутунду чыккан. Козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган уюмга таандык материалдарды бөлүшүп жүргөн Жалал-Абад шаарынын 30 жаштагы Х.Ф. аттуу жашоочусу кармалды.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда. Кылмыш ишин соттун кароосуна өткөрүү боюнча амалдар аткарылып жатканын кошумчалашты мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8084