Граната жана ок-дары табылган. Баткенде жихадчылар жамааты кармалды. Видео
RU

Граната жана ок-дары табылган. Баткенде жихадчылар жамааты кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кызыл-Кыя шаарындагы жихадчылар жамаатынын үч мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Алардын жашаган жерлеринен үч РГД гранатасы, ар кандай түрдөгү 61 ок, үч бычак табылган. Андан тышкары электрондук маалыматтарды алып жүрүүчү каражаттар жана диний адабияттар да табылган.

Кармалгандар:

  • Жамааттын башчысы - 29 жаштагы Г.у.К. Абу Нур каймана аты бар Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда соттолгон;

  • Жамааттын руханий насаатчысы - 41 жаштагы П.А.И. - Кызыл-Кыя шаарынын тургуну. Ал С.Бурятскийдин террористтик аудио-видеоматериалдарын таратат ("Кавказ Эмираты" ЭТУнун мүчөсү), ал дагы мурда соттолгон;

  • жамааттын мүчөлөрүнүн күжүрмөндүгү жана дене тарбия даярдыгы үчүн жооптуу - 30 жаштагы К.Д.Р. Кызыл-Кыя шаарында туулган, мурда Женго каймана аты бар К.Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон.

УКМКнын маалыматына караганда "Абу Нура" кылмыштуу тобу Сириядагы террористтик уюмга материалдык жардам көрсөтүү максатында каракчылык чабуулдарды жасаган.

Кармалгандардын бири Баткен облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын эки шериги боюнча теологиялык экспертизанын корутундусу чыкканына жараша тиешелүү чаралар көрүлөрү айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8081