"Жылаңаяк буттун оорусу" же селейме деген эмне? Өлүмгө жеткирген оору тууралуу маалымат
RU

"Жылаңаяк буттун оорусу" же селейме деген эмне? Өлүмгө жеткирген оору тууралуу маалымат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 5 жаштагы бала селейме оорусунан каза болду. Мындан улам Kaktus.kg cайты селейме оорусунун кесепети жана ага каршы эмдөөлөр кандай жүргүзүлөрүн республикалык иммунопрофилактикалык борборунан сурап көрдүк.

Селейме - нерв системасын жабыркатып, өлүмгө алып келүүчү курч жугуштуу оору. Оору адамдарга да, жаныбарларга да мүнөздүү. Инкубациялык мезгил 5-14 күндү түзөт (максималдуу 30 күн). Инкубациялык мезгил канчалык кыска болсо, оору ошончолук оор болот.

Ооруну козгогучтар же эмнеден пайда болот?

Оорунун козгогучтары топуракта, жерде болуп, адамдын организмине жараат алган тери жана былжыр чел кабыктары аркылуу (терең тешилген жарааттар, теринин күйүк, үшүк алуусу, ириңдеши жана башка ачык жаракаттар) кирет. Селеймеге кабылгандардын 60 пайызы таманын жабыркаткандар. Селейме таяктчалары жараатка киргенден кийин токсин чыгара баштайт. Бөлүнгөн токсин борбордук нерв системасына таасир этүүчү эң күчтүү уулардын бири. Ал дем алуу булчуңдарды жыйрылтат, бүт денени карыштырып, жүрөк булчуңдарынын шал болушуна алып келип, өлүмгө түртөт.

Оорунун белгилери

  • Жаракат алган (айыгып калгандан кийин деле) жер түйүлүп, тырышып ооруйт;
  • Бет булчуңдары жыйрылып-тартылып, оозду ачуу кыйынчылык жаратат;
  • "Сардоникалык жылмаюу" - каштар көтөрүлүп, ооз жыйрылып же жайылат;
  • Кекиртек булчуңдарынын спазмы (жутуу функциясы бузулат);
  • Уйку бузулуп, табит начарлайт;
  • Дене булчуңдары чыңалып ооруйт. Бейтаптын башы менен буту артка тартылып, дененин ортоңку бөлүгү көтөрүлүп калат.

Кимдер жабыркайт?

Адатта бардык адамдар бул оору менен жабыркашы мүмкүн. Көбүнчө селейменин оор формасы менен жетиштүү түрдө эмделбегендер, тагыраагы, жаңы төрөлгөн ымыркайлар, кош бойлуу айымдар жабыркашат. Ошондой эле селейме 3 жаштан 7 жашка чейинки балдарда көп кездешет. Бул куракта алар активдүү кыймылда болушат жана ар кандай жаракаттарды көп алышат.

Алдын алуу

Эмдөө жолу аркылуу селеймени алдын алууга болот. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эмдөө календарына ылайык, селеймеге каршы эмдөө үй-бүлөлүк жалпы дарыгердик борборлорунда, ФАПтарда акысыз жүргүзүлөт. Өлкөдө эмдөө графиги балдарды, өспүрүмдөрдү жана чоңдорду инфекциялардан коргоону камсыз кылат.

Кыргызстанда селеймеге каршы колдонулган вакциналар

  • 2 ай, 3,5 ай жана 5 айлык наристелерге Пентавакцин (DTP-HBV-HIB) 5 антигенден турган көп компоненттүү вакцина.
  • Балдар 2 жашында АКДС вакцинасын (адсорбцияланган көк жөтел-дифтерия-селейме вакцинасы) алышат. Бул вакцинаны кургак учукка, полиомиелитке, кызамыкка, паротитке (шилекей безинин сезгениши, курч вирустук оору) каршы вакциналар менен бир убакта коопсуз жана эффективдүү жүргүзүүгө болот.
  • Ал эми 6 жашта АДС (адсорбцияланган дифтерия-селейме анатоксиди) вакцинасы салынат.
  • 11,16, 26, 36, 46, 56 жаштагылар АДС-М вакцинасы менен эмделишет.

Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө графиги баланын жашын эске алуу менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан эл аралык деңгээлде сунушталган негизги вакциналарды киргизүүнү карайт. Эмдөө графигинин максаты - ымыркайлардын жана балдардын өмүрүнө коркунуч туудурган ооруларга дуушар болгонго чейин иммунитетин пайда кылуу.

Республикада алдын ала турган инфекцияга каршы вакцинанын 11 түрү колдонулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8094