22 жаштагы кытайлык студенттин жансыз денеси табылды
3618
Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде билим алган кытайлык студенттин сөөгү суудан табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 22 жаштагы Сай Тундун жансыз денеси 25-августта Каракол капчыгайында аныкталды.
Белгилүү болгондой, 2000-жылы туулган кытай жараны Сай Тун Бишкек шардык гуманитардык университетинин 3-курсунун студенти болгон. Анын жоголгондугу тууралуу маалымат алгач ИИМге 1-августта түшүп, милиция тарабынан издөө иши 18-августка чейин уланган. Ушул эле күнү издөө ишине куткаруучулар да тартылган.25-август күнү саат 15:59да Каракол капчыгайында сууда жансыз дене жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер тартылып, суудан кытай жаранын сөөгү чыгарылды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/8101